БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Нарматова Орусиянын Оштогу консулдугу жайгашкан имарат ага таандык экенин ырастады

Нарматова Орусиянын Оштогу консулдугу жайгашкан имарат ага таандык экенин ырастады

Сүрөт: "Клооп"

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова парламенттин 22-февралдагы жыйынында Орусиянын Ош шаарындагы консулдугу жайгашкан имарат ага таандык экенин тастыктады.

Эл өкүлү депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, аталган имаратты 2009-жылы алган учурда эле Орус мамлекетинин консулдугу пайдаланып жатканын айтты.

"2009-жылы насыяга алган Оштогу имаратка бүгүнкү күнгө чейин насыя төлөп келем. Мен аны бир жерден алып алган жерим жок. Катардагы  Кыргызстандын жараны катары ижарага бергемин. Ал имаратты Орусиянын Кыргызстандагы консулдугу пайдаланып келет. Мыйзам чегинде эки тараптуу келишим менен. Ал Мамлекеттик каттоо кызматынан да бекитилген. Бул бейөкмөт уюмдукка жатпайт", - деди ал.

 

Буга чейин "ПолитКлиника" медиасы Орусиянын Ош шаарындагы консулдугу жайгашкан имарат Надира Нарматовага таандык экенин жазган. Иликтөөчү журналисттер Орусиянын дипломатиялык консулдугу имаратты 2009-жылдан бери ижарага аларын аныкташкан.

Бирок депутат Нарматова аны насыяга алып, аны төлөй албай банкка өтүп кеткендин айткан. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей