БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат Надира Нарматова "Билим берүүнүн мыктысы" наамын алды

Депутат Надира Нарматова  "Билим берүүнүн мыктысы" наамын алды

Сүрөт: "Жогорку Кеңеш"

Билим берүү министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматовага «Билим берүүнүн мыктысы» наамын ыйгарды. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Үмөталиеванын билдиргенине караганда, тармактын бул даражалуу сыйлыгы депутатка парламенттин 85 жылдыгына карата берилген.

 

Надира Нарматова парламенттин жетинчи чакырылышына "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен шайланып келген. Ал коомчулукка чуулгандуу "чет элдик тыңчы" мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси катары белгилүү. Ошондой эле депутат көз карандысыз медиаларга көзөмөлдөөнү күчөтүү жана  TikTok’ту бөгөттөөнү сунуштаганы менен да таанымал.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылдын ноябрында коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин бир нече депутат баш тарткан.

Мыйзам долбоору чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар «чет элдик тыңчынын ишин аткаруучу» деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат. Каттоодон өтпөгөн уюмдардын ишмердиги алты айга чейин токтотулат. 

Кылмыш кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, атуулдарды «жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга жана башка укукка каршы келген аракеттерге» үгүттөгөн уюмдарды түзгөндөр жана жетектегендер же айып пулга жыгылат, же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Мындай уюмдардын ишине жигердүү катышкандар же алардын ишин пропаганда кылгандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Буга чейин журналситтер Антиплагиат кызматынын жардамы менен талдап чыгып, мыйзам долбоорунун көбү орусиялык «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныкташкан.

Юристтер бул документ өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей