БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Нарында кыздарга ыдык көрсөткөн деп айтылган мугалим өз жанын кыйды

Нарында кыздарга ыдык көрсөткөн деп айтылган мугалим өз жанын кыйды

Иллюстративдик сүрөт

Наарын шаарында тил курстарын үйрөтүүчү жайда иштеп, окуучу кыздарга ыдык көрсөтүп жүргөн деп айтылган 60 жаштагы мугалим каза болгону кабарланды. 

Нарын облустук ишчки иштер башкармалыгынан "Т-Медиага" билдиришкендей, мугалимдин окуучу кыздарга ыдык көрсөткөндүгү тууралуу тиешелүү тапшырмалар берилип, шаардык милиция тергөө иштерин баштаган. Ал эми 14-апрелде аталган мугалимдин асынып алганы боюнча материал катталды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 

Буга чейин Нарын шаарындагы окуу борборлордун биринде англис тил курсунда окуган жаш кыздар бир нече жылдардан бери сексуалдык асылууга кабылып жүргөнүн айтып чыгышкан. Алар баштан өткөн окуяларын  "Инстаграм" социалдык тармагына атайын баракча ачып баяндашкан. Кыздардын айтымында, тил борборлорунун биринде сабак берген 60 жаштагы мугалим аларга сексуалдык ыдык көрсөтчү. 

Ыдык көрсөтүү же харассмент – кимдир бирөөгө болгон олдоксон тамаша, кыймыл-аракет, жест, үн чыгаруу, мазактоо, сексуалдык ыдык көрсөтүү.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей