БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Нарында шамалдан 4 адам жабыркап, 36 үйдүн чатыры кыйраган

Нарында шамалдан 4 адам жабыркап, 36 үйдүн чатыры кыйраган

Иллюстративдик сүрөт

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майда каттуу шамал болуп, төрт адам жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Алдын ала маалыматта район аймагында түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 24, Нарын жана Ак-Талаа райондорунун аймагында соккон шамалдын ылдамдыгы 18 метр секундага чейин жеткен. 

Шамалдан  36 үйдүн, 6 социалдык мекеменин чатырлары кыйраган. Нарын шаарында 1 үйдүн чатырын шамал учурганы аныкталган.

Эске салсак, 28-мартта борбор калаа Бишкек менен Чүй өрөөнүндө түштөн кийин ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган.  Андан Бишкек 16 млн сом ал эми Чүй 28,5 млн сом чыгымга учураган.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей