БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Навальныйдын аялы Орусиянын азыркы бийлиги жоопко тартылышы керектигин айтты

Навальныйдын аялы Орусиянын азыркы бийлиги жоопко тартылышы керектигин айтты

Юлия Навальная

Орусиядагы оппозиционер Алексей Навальныйдын аялы Юлия Навальная азыркы орус бийлиги жоопко тартылышы керек экинин билдирди. Мындай пикирин ал 16-февралда Германиянын Мүнхен шаарында өтүп жаткан эл аралык коопсуздук саммитинде айтты.

Навальная күйөөсү абакта каза болгону тууралуу маалыматты Орусиянын мамлекеттик органдары таратып жатышканын, бирок орус президенти Путинге да, анын бийлигине да ишенич жок экенин айтат.

"Путин өзү, анын тегерегиндегилердин баары, достору жана анын өкмөтү биздин өлкөбүзгө, менин үй-бүлөмө жана менин күйөөмө кылганы үчүн жоопко тартыларын билишсин деп айткым келет. Ошондой күн алыс эмес. Жалпы дүйнөлүк коомчулукту баарыбыз биригип, Орусиядагы азыркы зулумдукту, режимди жеңип чыгууга чакыргым келет. Бул режим да, Владимир Путин да менин өлкөмдө соңку жылдары жасап жаткан бардык оор иштери үчүн жеке жоопкерчиликке тартылышы керек".

Оппозиционер саясатчы Алексей Навальный каза болгонун кечээ, 16-февралда орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн Федералдык жаза аткаруу кызматына таянып билдиришкен. Мекеменин маалыматына караганда, Ямал-Ненец автоном округундагы №3 түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Навальный сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготкон.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей