БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ноокат менен Ысык-Көлдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнда өтөт
№5 Ноокат жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды.Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы 30-апрелде кабарлады.
Жарлыкка ылайык, шайлоо күнү 30-июнь, жекшембиге белгиленди. Аны Борбордук шайлоо комиссиясы уюштурат. Министрлер кабинети зарыл болгон каражаттарды таап берет.
Боршайком 23-апрелде Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулун өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан.
25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышев да арыз жазып, БШК мандатын алынган.
Ушул күнгө чейин ар кандай жагдайда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын бир нече депутаты мандатынан ажыратылды. Алар: Орозайым Нарматова, Жаныбек Абиров, Фарходбек Алимжанов, Фархат Исмаилов, Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиев, Абдыбахаб Боронбаев, Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев, Айбек Осмонов, Адахан Мадумаров, Жусупбек Коргонбай уулу, Максатбек Сарбагышев.
28-апрелде Айбек Осмонов, Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиевдин ордуна мөөнөтүнөн мурлда шайлоо өттү.

Автор: Т-Медиа > 392 макала
March 2025
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5