БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ноокат: милиция кызматкеринин кайрылуусу боюнча комиссия түзүлдү

Ноокат: милиция кызматкеринин кайрылуусу боюнча комиссия түзүлдү

Сүрөт: Турмуш

Ички иштер министрлиги Оштун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Тимур Абдисатар уулунун райондук милициянын жетекчиси тууралуу айткандары боюнча комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, түзүлгөн комиссия жүйөлөрдү жеринде текшерүү үчүн Ноокат районуна кеткен. Бул маселе ички иштер министринин көзөмөлүнө алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилери айтылды.

17-ноябрь күнү Тимур Абдисатар уулу социалдык тармактар аркылуу өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчиси Талгат Өскөналиев тарабынан куугунтукка кабылып жатканын айткан. Ал Өскөналивди бир катар мыйзамсыз иштерге айыптап, ага карата чара көрүп берүүнү суранган. 

Бул боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы ички иликтөө иштери башталганын маалымдаган.

Автор: Осмонова Айдана > 792 макала