БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү пара менен кармалды

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү пара менен кармалды

Сүрөт: УКМК

Ош облусунун Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди

Тергөөчү бейбаштык боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарын токтотуу үчүн 100 миң сом пара талап кылган. 


"2024-жылдын 28-мартында УКМК кызматкерлери тарабынан КР ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте Ноокат районунун имаратынын жанында 40 000 сом пара алып жаткан жеринен Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны кармалды. Окуя болгон жерди кароонун натыйжасында, кармалган жарандын унаасынын кыймылдаткыч бөлүгүнүн салонунан пара катары арыз ээси тарабынан берилген 40 миң сом акча каражаты чүпүрөккө оролгон абалда табылган"- деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү Опузалап пара талап кылуу боюнча кылмыш иши козголгон. Ош шаардык сотунун чечими менен 2024-жылдын 27-майына чейин КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей