БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кайра шайлоо: үч округдан 15 талапкер катталды

Кайра шайлоо: үч округдан 15 талапкер катталды

Интернеттен алынды

Ноокаттагы №5 бир мандаттуу округдан парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоого жети талапкер катталды. Ошондой эле Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округунан да жети адам арыз берген. Ал эми Бишкектеги №29 Свердлов райондук округунан бир талапкер катталганын Борбордук шайлоо комиссиясы 17-майда маалымдады.

Депутаттыкка ат салышууну каалагандардан арыз 30-майга чейин кабыл алынат. Шайлоо 30-июнь, жекшембиде болот.

Ноокат жана Ысык-Көл округдарында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнүн чыгымы 21 млн 748 миң сом деп эсептелген. БШК Свердлов районундагы шайлоого канча чыгым кетерин азырынча маалымдай элек. 

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен үч округдагы кайра шайлоо 30-июнга белгиленген.

Боршайком 23-апрелде Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулун өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан. 

25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышев да арыз жазып, БШК мандатын алынган. 

Ал эми Свердлов райондук округунан шайланган Шайлообек Атазовдун мандаты 7-майда алынган.  

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей