БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ноокатта 4 млн еврого таза суу долбоору ишке ашат

Ноокатта 4 млн еврого таза суу долбоору ишке ашат

Сүрөт: Интернеттен алынды

Ноокат шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн эскилиги жеткен таза суу түтүктөрү алмаштырылат. Оңдоо иштери майда башталып, кийинки жылдын февралында жыйынтыкталат. Бул тууралуу Ноокат шаарынын мэри Жолой Тиллаев "Т-Медиага" билдирди.

"Учурда таза суу элдин баарына жеткиликтүү. Шаарда 16 көп кабаттуу үй бар. 99 пайыз суу жетет. Бирок суу кеткен түтүктөрдүн эскилиги жеткен. Мындан сырткары канализация системасын дагы киргизели деп жатабыз. Ал үчүн таза суу түтүктөрүнүн куурларын жаңылашыбыз дагы керек. Ошол себептүү биринчи этапта таза суунун долбоорун ишке ашырсак, кийин канализацияга киришет элек", - дейт шаар мэри.

Калаа башчысынын маалымдашынча, долбоорду ишке ашыруу үчүн Европа өнүктүрүү банкы 4 миллион 200 миң евро бөлгөн. Анын 2 миллиону кайтарымсыз грант түрүндө берилсе, калган сумма насыяга алынууда.

Ноокат шаары 2024-жылга бюджетти 98 млн сом менен бекиткен. Шаар аймагы 350 гектарды чамалайт.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 статей