БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ноокатта селден каза болгондор алтыга жетти

Ноокатта селден каза болгондор алтыга жетти

Сүрөт ӨКМ маалымат кызматынан алынды

Ноокатта сел агызып каза болгон дагы эки жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу 29-июнга Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Ушуну менен жалпы көз жумгандар алтыга жетти. Алардын бири 18, экинчиси 19 жашта. Дагы эки жарандын жашы, экөөнүн өздүгү тактала элек.

Учурда жеринде дайынсыз жоголгондорду издөө, куткаруу иштери уланып жатат.

28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда сел жүргөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табигый кырсыкта каза болгон төрт адамдын сөөгүн тапкан. Дагы эки кишинин дайыны чыкпай жаткан эле.

Селдин кесепетинен 33 турак үйдүн, бир бала бакчанын короосун сел каптап, анын ичинен жети турак үйдүн ичине сел кирген. Жолдор бузулуп көпүрө, унааларды агызган. Ноокаттагы Абшыр-Ата эс алуу жайында суунун аркы бетинде болжол менен 1300 адам, Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калганы айтылып, куткаруучулар жолдон 30 адамды табышкан.

29-июнда Абшыр-Ата эс алуу жайында 42 куткаруучу селден кийин калып кеткен жарандарды эвакуациялоо иштерин жүргүздү. Куткаруучулардын дагы 13ү Кезарт жайлоосуна чыгып кетишкен.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей