БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ноокатта селден каза болгондор тогузга жетти

Ноокатта селден каза болгондор тогузга жетти

Сүрөт ӨКМ маалымат кызматынан алынды

Ош облусунун Ноокат районундагы селден каза болгондордун саны тогуз кишиге жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Абшыр-Ата айылында дагы бир жаш баланын сөөгү табылганын 3-июнда кабарлады.

Учурда анын  аты-жөнү, туулган жылы такталууда. Каза болгондордун төртөө казак жараны экени айтылып жатат. 

Бүгүн издөө иштерине ӨКМден 53 куткаруучу, ИИМден 120 жана Коргоо министрлигинен 50 кызматкер тартылган. Мындан тышкары  жергиликтүү тургундардан 150 адам чыккан.
28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда сел жүргөн. Табигый кырсыктан каза болгондордун көбү 11-16 жаштагы өспүрүмдөр.

Сел суулары 33 турак үйдүн, бир бала бакчанын короосун каптап, анын ичинен жети турак үйдүн ичине кирген. Жолдор бузулуп көпүрө, унааларды агызган. 

Ноокаттагы Абшыр-Ата эс алуу жайында суунун аркы бетинде болжол менен 1400дөй, Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калып, алар эртеси куткаруучулар тарабынан алып келинген.

ӨКМ селдин болушуна аномалдуу жаан-чаачын жана көп жылдан бери мындай сел катталбагандыктан Абшыр-Сай дарыясынын жээктеринде бак дарактар өсүп, эс алуу үчүн тапчандар башаламан курулуп калганы себеп болгонун божолдоду. Аймактагы көмүр карьерге өтүүчү көпүрөнүн төмөн болгону да негиз болгон.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей