БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ноокатта селден улам кулап калган эки көпүрө курулуп бүттү

Ноокатта селден улам кулап калган эки көпүрө курулуп бүттү

Сүрөт: президентин Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Июнь айындагы селден улам кулап калган "Абшыр-Сай" жана "Чили-Сай"көпүрөлөрү толугу менен жаңыдан курулуп, 31-октябрда пайдалуунга берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Өтмөктөр Ош - Баткен - Раззаков жолунда жайгашкан. 

Ал эми эл аралык маанидеги унаа жолдун 29-чакырымында жайгашкан Кыркол-Сай көпүрөсүндө жумуштардын 80%ы аткарылган. 

Жаңы курулуган көпүрөлөрдү көрүү учурунда Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Нурлан Сулайманов "Чили-Сайдагы" көпүрө жүз жыл кызмат кыларын айткан. 

Быйыл 28-июндагы нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, Ош - Баткен - Раззаков унаа жолунун 63 (Абшыр-Сай) жана 43-чакырымындагы (Чили-Сай) көпүрөлөр жараксыз абалга келген. Селдин кесепетинен он адам каза тапкан.

Автор: Осмонова Айдана > 730 макала