БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ноокатта Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери каза болду

Ноокатта Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери каза болду

Сүрөт Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн "Фейсбук" баракчасынан алынды

Ноокатта Улуу Ата мекендик согуштун жалгыз ардагери Карабай Бозорбоев 99 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 30-апрелде президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Бозорбоев Ноокат районунун Мирмахмудов айылдык аймагынын Чапаев айылында туулган.
Согушка 1943-жылы 18 жашында кеткен. Ленинград шаарында согушта болуп, кийин каармандыгы үчүн орден, медалдар менен сыйланган. Жаракатынан улам экинчи топтогу майыптык алган.

1948-жылы Кыргызстанга кайтып келгенден кийин Чапаев колхозунда эмгектенген. Маркум ардагердин артында төрт уулу, эки кызы, 20 небереси, 70 чөбөрөсү, төрт кыбырасы калды.

1941-1945-жылдары согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей