БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ноокат: көпүрөнүн курулушунда каза болгон жумушчунун жакындары эч ким жоопкерчилик албаганына нааразы

Ноокат: көпүрөнүн курулушунда каза болгон жумушчунун жакындары эч ким жоопкерчилик албаганына нааразы

Сүрөт: "Турмуш" басылмасынан алынды

Ушул жылдын 12-сентярында Ош облусунун Ноокат районунда көпүрөнүн курулушунда иштеп жаткан жумушчу каза болгон. Маркум 54 жаштагы Талантбек Абдараманов эле. Жакындары окуяга эч ким жоопкерчилик албаганына нааразы экенин "Т-Медиага" билдиришти.

Маркумдун баласы Талантбек Абдрамановдун сөзүнө караганда, ал күнү Ош - Раззаков унаа жолундагы көпүрө буздурулмак болуп, атасы анын эки тарабындагы коргоочу темирлерин кесип жаткан. Ошол учурда жумушчу турган бетон плита түшүп кеткен. Жубайы Мухтарам Абдырахманова болсо "кырсыкка курулушта коопсуздуктун сакталбаганы себеп" дейт.

"Ошол учурда ал жерден камаз өткөн экен. Мындан улам оор бетон түшүп кеткен. Андан бери сегиз күн өттү, эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирөө келип сурай дагы элек. Чоң балам үч жолу операция болгон. Экинчи баламда жакында операция болушу керек. Кичинекей балдарым бар. Эми ошолорду ким багат?", -дейт ал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көпүрөнүн курулушу негизи ким тарабынан башталып, копсуздукка ким жооптуу экени такталып жатканын билдирди. Ал эми Ноокат райондук милициясы тергөө иштерин баштаган. Мекеме учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалганын айтып, иш боюнча толук маалымат бере алган жок. 

Маркум Талантбек Абдараманов аймакта ширетүүчү болуп иштеп келген. Анын артында төрт баласы калды. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей