БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ноокатта селде каза болгон дагы бир жарандын сөөгү табылды

Ноокатта селде каза болгон дагы бир жарандын сөөгү табылды

Сүрөт ӨКМ маалымат кызматынан алынды

Ноокатта селге агып каза болгондордун саны 7 кишиге жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы бир аялдын сөөгү табылганын кабарлады. 

Буга чейин алты жарандын жансыз денеси алып чыгылган. Алар 11, 12, 13, 16 жаштагы өспүрүмдөр жана 19 жаштагы жаран. Учурда тактоо иштери уланууда.

28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда сел жүргөн. Табигый кырсыкта каза болгон алты адамдын сөөгү табылды. Аларды сел тапчанда отурган жерден агызып кеткен. Кырсыктан 33 турак үйдүн, бир бала бакчанын короосун сел каптап, анын ичинен жети турак үйдүн ичине сел кирген. Жолдор бузулуп көпүрө, унааларды агызган. Ноокаттагы Абшыр-Ата эс алуу жайында суунун аркы бетинде болжол менен 1300 адам, Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калганы айтылып, куткаруучулар жолдон 30 адамды табышкан.

29-июнда Абшыр-Ата эс алуу жайында 42 куткаруучу селден кийин калып кеткен жарандарды эвакуациялоо иштерин жүргүздү. Куткаруучулардын дагы 13ү Кезарт жайлоосуна чыккан.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей