БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ноокаттын акими Иманалиев өз каалоосу менен кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын билдирди

Ноокаттын акими Иманалиев өз каалоосу менен кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын билдирди

Сүрөт: akipress.org

Ош облусунун Ноокат районунун акими Данир Иманалиев өз каалоосу менен кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын кабарлады. Бул тууралуу ал 22-ноябрда "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, районду башкарган жылдардагы иштерин тизмектеди. 

 

"Райондогу мекеме-ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн башчылары, кызматкерлери жалпы Ноокат элинин колдоосу менен райондун социалдык-экономикалык абалын көтөрүүгө, инфраструктурасын жакшыртууга, инвестицияларды тартууга бардык аракеттерди жасадык. Районго жалпысынан 24 жаңы өнөр жай ишканалары ишке киргизилди, беш билим берүү мекемеси, алты балдар бакчасы, бир поликлиника, төрт фельдшердик акушердик пункт, бир спорттук зал курулуп пайдаланууга берилди. Эң орчундуу көйгөй болгон жол тыгыны азайып, борбордук көчөлөр иретке келтирилип, Ош-Баткен-Разаков автожолунун Ноокат районун аралап өткөн 47 чакырымдын ичинен 13,5 чакырым аралыгы реконструкциядан өттү. Жалпы 22 миң 190 метр ички жолдорго асфальт басылды", -деп санаган ал.

Данир Иманалиев бул кызматка президенттин жарлыгы менен 2021-жылдын май айында дайындалган. Ага чейин 2016-2020-жылдары Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районун башкарган. 2020-жылы  жыйынтыгы жокко чыгарылган Жогорку Кеңешке шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен катышкан. 

Автор: Т-Медиа > 354 статей