БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Депутат Ноокат жолуна ылдамдыкты чектөөчү белгилер коюлбай үч адам каза болгонун айтты

Депутат Ноокат жолуна ылдамдыкты чектөөчү белгилер коюлбай үч адам каза болгонун айтты

Сүрөт: президентин Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова Ноокаттагы жаңы салынган жолдо ылдамдыкты чектөөчү белгилер коюлбай, бир айда үч адам каза болгонун айтты. Бул тууралуу ал парламенттин 5-декабрдагы жыйынында билдирди. Айтымында, аталган жолдо бир айда жалпы 19 кырсык катталган. Депутат буга "жол чырактар, жүргүнчүлөр өтүүчү чийимдер туура эмес чийилгени себеп" дейт. 

Ош-Баткен-Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү 31-октябрда ачылган. Аталган жолдун 13,5 чакырымынын экинчи катмарына асфальт толук төшөлүп бүттү. Ал эми Ноокат шаарын аралап өткөн эл аралык маанидеги жолдун 34-40-чакырым аралыгы төрт тилкелүү болуп, ирригация, жарыктандыруу, жашыл зона жана тротуар куруу иштери жүрүп жатканы айтылган. 

Өткөн жылы Ош-Баткен-Раззаков жолунун 13 чакырымына бир катмар асфальт басылган. Быйыл анын экинчи катмарын басуу иштери жүргөн. Анда жергиликтүү тургундар бүткөн жолду кайрадан оюп жатканын айтып нааразы болушкан. 

13 чакырым жолго асфальт төшөө үчүн 876 млн сом бөлүнгөн. Былтыр июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев анын курулушун бүтүрүүгө эки айга жетпеген убакыт берген. 1-сентябрга чейин жол салынбаса, ошол учурдагы транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев кызматтан кетмек. 29-августта жолдун бир катмары гана басылып бүтүп, министр курулуш аяктаганын жарыялаган.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала