БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Нурлан Мотуев үй камагына чыгарылды

Нурлан Мотуев үй камагына чыгарылды

Сүрөт: Бишкек шаардык милициясы

"Улут аралык кастыкты козутууга" шектелип кармалган Нурлан Мотуев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда Нурлан Мотуевдин бөгөт чарасы 1-ноябрда Свердлов райондук сотунда каралып, анын кармалышын негиздүү жана мыйзамдуу деп тапкан. Ошондой эле ага карата Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн өтүнүчүнүн негизиинде 29-декабрга чейин үй камагына алуу чечими чыккан. 

31-октябрда Бишкек шаардык милициясы Нурлан Мотуев "расалык, этникалык, улуттар аралык кастыкты козутууга" шектелип кармалганын билдирген. Мекеме тараткан маалыматка караганда, Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы Мотуевдин баракчасынан кастыкты козуткан видео аныкташкан. Ошондой эле тергөө иштеринин алкагында дайындалган экспертизага ылайык, улуттар аралык касташуунун лингвистикалык белгилери камтылганы айтылат. Буга байланыштуу Нурлан Мотуевге Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголуп, шардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Нурлан Мотуевге акчасын алдаткан адамдардын каражатын кайтарып берүүгө убада кылып, социалдык тармактардан видео кайрылуу жасап жатканы үчүн эскертүү берген. 

2017-жылдын августунда Бишкектин Свердлов райондук соту Нурлан Мотуевди жети жылга эркинен ажыраткан. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ага "Терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо" жана "Улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

 

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала