БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Нурланбек Шакиев: келерки жылдын апрелине чейин жаңы гимн кабыл алынышы керек
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жаңы гимн 2025-жылдын апрель айына чейин кабыл алынышы керектигин айтты.
Бул тууралуу ал 3-декабрда мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюча өткөрүлгөн кеңешмеде айтты. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышкан.
"Кыргызда "Кеңешип кескен бармак оорубайт" деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, аталган маселеге бардык жарандар катышып, текстин жана обонун сунуштоого эч кимге чектөө коюлбашы керек. Эл акыны же тажрыйбалуу композиторлор эле эмес, бардык чыгармачылыкка кызыккан жарандар өз вариантын сунуштай алгыдай мүмкүнчүлүк түзүлүшү зарыл. Алардын ичинен өлкөбүздү даңазалап, элибизди алдыга сүрөп, демине дем кошо турган мыкты гимнди атайын комиссия тандап, Жогорку Кеңешке киргизиши шарт", -деди ал.
Шакиевдин гимнди өзгөртүү сунушу
25-октябрда Кара-Кыргыз Автоном облусунун 100 жылдыгы, анын туңгуч жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев гимнди өзгөртүү планы бар экенин айткан. Төрага буга себеп катары Кыргызстан өнүгүү жолундагы өлкө экенин, гимн баары бирдей ырдай турган болушу керектигин белгилеген. Ушул күнү эле Шакиев Соода-өнөр жай палатасынын түзүлгөндүгүнүн 65 жылдыгына арналган иш-чарада "президентибиз бир мамлекетке барганда биздин гимн ырдалганда чымчыктар учуп кетиптир. Башка гимн ырдалганда кайра келип конуптур" деп айткан.
Соцтармактарда айрымдар Шакиевдин идеясын сынга алышкан. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы, мурдагы депутат Адахан Мадумаров да пикирин билдирип, спикердин жүйөсү түшүнүксүз экенин айткан.
Кыргызстанда гимнди өзгөртүү маселеси буга чейин да көтөрүлгөн. 2012-жылы декабрь айында анын экинчи куплети толугу менен алынып салынган. Ага "бейкуттук"деген сөз терс мааниге ээ деген пикир себеп болгон.
Гимн 1992-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңеште үч куплет болуп бекитилген. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев жазган. Обону Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесовдуку.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat