БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Нурланбек Шакиев: журналисттерге куугунтук болгон жок

Нурланбек Шакиев: журналисттерге куугунтук болгон жок

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанда көз карандысыз медиалардын журналисттерине байланыштуу акыркы окуяларды сөз эркиндигине карата кысым деп баалоого кошулбай турганын билдирди. Ал өлкөдө сөз эркиндиги бар деп эсептейт. Бул тууралуу ал парламенттин 17-январдагы жыйынында айтты. 

Шакиев кесиптеши Дастан Бекешевдин ЖМКларга байланыштуу акыркы окуялар боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушуна зарылчылык жоктугун белгиледи.

 

 

"Азыркы болуп жаткан иштерди сөз эркиндигине карата "куугунтук же кысым" дегенге кошулбайм. Баардык нерсенин чеги болот. Эң биринчи жоопкерчилик болуш керек. Мунун баардыгы кайсы бир сырттан каржыланган уюмдардан Кыргызстандын бүгүнкү стабилдүүлүгүнө, Кыргызстанда өсүп-өнүгүп жаткан экономикалык көрүнүштөргө терс таасирин тийгизбей койбойт. Анткени ушуга окшогон көптөгөн журналистикага жамынган, өздөрүн "журналистпиз" деп эсептеген блогерлер же башкалардын ээн баштыгынан өлкөдө ар кандай пикирлер бар. Бизде сөз эркиндиги бар. Ким каалаганын айта алат". 

Депутат Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровго кайрылып, жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу акыркы окуялар боюнча комиссия түзүү сунушун берди. Ал көз карандысыз медиаларга козголгон кылмыш иштерине кайдыгер карап коюуга болбой турганын белгиледи. 

Журналисттердин жапырт кармалышы

Кыргызстанда 16-январда эртең менен ондой журналисттин үйү тинтүүгө алынып, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка алып келингени маалымдалган. Ошол эле күнү кечинде 11 журналист,  милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды.

Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эмес экенин айтып жатышат.

ИИМдин басма сөз кызматы "Айт айт дес" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун баракчаларында жапырт башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" деген бөлүгүнүн негизинде иш козголуп, тергелип жатканын маалымдаган.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алып, кийин кое берген. 

Автор: Т-Медиа > 358 статей