БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү 20 жылга кесилип, 120 миң сом айып салынды

Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү 20 жылга кесилип, 120 миң сом айып салынды

Сүрөт: akipress

Чүй облустук соту мурдагы аялы Асел Ногойбаеваны бычактап кордогон Азамат Эстебесовду 20 жылга эркинен ажыраткан чечимди күчүндө калтырды. Чечим 8-апрелде чыкканын "Т-Медиага" Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдап, кылмышкер жазаны катуу тартиптеги абакта өтөй турганын белгиледи.

"Ал эми прокуратуранын өтүнүчү канааттандырылып, Эстебесовду Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгү ("Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу") боюнча бардык эпизоддо күнөөлүү деп таап, жалпы салынган айыпты 120 миң сом деп аныктады", -деп билдирди соттон.

2023-жылдын 26-январында Чүй облусунун Сокулук райондук соту Асел Ногойбаеваны мыкаачылык менен кескилеген мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесовду 20 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле жабырлануучуга 2 млн сом, мамлекетке айып пул катары 80 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал эми жабырлануучунун жакындары аны өмүр бою соттоону талап кылып келген.

2023-жылдын 20-сентябрында 36 жаштагы Асел Ногойбаева бети-башы жана моюну кескиленген абалда ооруканага келип түшкөн. Ага дээрлик сегиз саат операция жасалган. Кылмышка шектүү катары 39 жаштагы мурдагы күйөөсү кармалып, "Денеге оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ногойбаева бул окуяга чейин дагы мурдагы күйөөсүнүн "зордук-зомбулугуна" арызданып, укук коргоо органдарына кайрылганы белгилүү болгон.

Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Эстебесовду 2023-жылы "Зордуктоо" беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган. Ишти караган сот кызматтан алынып, үч судьяга сөгүш берилген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей