БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Облустук сот Бакировду шайлоодо добуш сатып алууга күнөөлүү деп тапты

Облустук сот Бакировду шайлоодо добуш сатып алууга күнөөлүү деп тапты

Өмүрбек Бакиров

Ош облустук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировду 2021-жылкы парламенттик шайлоодо добуш сатып алган деген айып боюнча күнөөлүү деп тапты. Мындай өкүм 7-мартта чыккан. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Адила Сулайманкулова "Т-Медиага" билдирди.

2023-жылдын 26-декабрда ушундай эле өкүмдү Ноокат райондук соту чыгарган. Кийин Бакировдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева райондук соттун чечимине каршы Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. 

2023-жылы 26-августта Боршайком Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган. 18-августта Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди Жогорку Сот да күчүндө калтырган. Бакиров бул чечимди мыйзамсыз деп атаган.

Бакировду 29-августта Ош облустук милициясы кармап кеткен. Анда 2021-жылдагы шайлоодогу добуш сатып алуу ишинин негизинде сурак берген. Анын адвокаты мандатынан ажыраган депутат дооматтарды четке какканын билдирген.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров парламентке депутат болуп шайланган. Талапкерлердин бири Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров шайлоодо добуш сатып алды деген жүйө менен анын мандатын жокко чыгарууну суранган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей