БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Окуучалардын жазгы каникулу 21-мартта башталат

Окуучалардын жазгы каникулу 21-мартта башталат

Сүрөт reporter.kg сайтынан алынды

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын жазгы каникулу быйыл 21-марттан башталып, балдар мектепке 1-апрелден кайтат. Бул тууралуу 13-мартта Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

21-март Нооруз майрамы бейшемби күнгө туура келгендиктен, Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги 22-мартты дем алыш күнү жарыялаган. Ал эми анын ордуна 6-апрель иш күнү деп белгиленген.

Жыйынтыгында кыргызстандыктарга келерки жумада 21-марттан тартып 24-мартка чейин төрт күндүк эс алууда болот.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей