БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Окуучулардын өлүмү: шектүү он жылга кесилди

Окуучулардын өлүмү: шектүү он жылга кесилди

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Бишкектеги ботаникалык бакчада киши колдуу болгон 17 жаштагы Атай Ниязбек уулунун өлүмүнө байланыштуу Октябрь райондук соту 12-июнда чечим чыгарды. Судьянын өкүмү менен 16 жаштагы шектүү он жылга эркинен ажыратылганын "Т-Медиага" Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

"Шектүү Кылмыш жаза кодексинин 122- беренеси (Адам өлтүрүү)1-2 бөлүктөрү, 3-5 пунктары менен күнөлүү деп табылып, он жылга эркиндигинен ажыратылып, ага карата тандалып алынган бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылган", -деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин Бишкек шаардык соту иш боюнча апелляциялык арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

2023-жылы 9-июнда Бишкектеги ботаникалык бакчада Чыңгыз Айтматов атындагы себат лицейинин 10-классынын окуучусу Атай Ниязбек уулу бычакталып, алган жараатынан улам ооруканада көз жумган. Андан үч күн өтпөй анын досу Эрнур Эркинбек уулунун сөөгү өзү жашаган үйдөн табылган. Жакындары Эрнурга окуя болгондон кийин ар кандай коркутуулар болгонун, ал ойдо жок жерде өз жанын кыйганын айтышкан. 

Окуяга байланыштуу иштер алгач октябрь райондук милициясында каралган. Анда кылмышка шектүү 2007-жылкы А.Р атту жаран кармалып, Чүй облусундагы №14-жашы жете электер абагына камакка алынган. Кийин Атай Ниязбек уулунун иши шаардык милицияга өткөрүлгөн. Ал эми Октябрь райондук милицисы Эрнур Эркинбек уулунун иши 13-июлда жабылгандыгын билдирген. Жактоочусу тергөөчү "дадилдер жана фактылар жок" деген негизде кылмыш ишин козгоодон баш тартканын маалымдаган. 

Окуучулардын өлүмүнө байланыштуу социалдык тармакта да талкуу күчөгөн. Кийин окуучулардын ата-энелери окуяга боюнча иштер таза каралбай жаткандыгын айтып чыгышкан. Алар ишти көзөмөлгө алууну өтүнүп, президент Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге, Башкы прокуратуранын, ИИМдин башчыларынап кайрылышкан. 

Автор: Т-Медиа > 361 статей