БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Олимпиада-2024: Айсулуу Тыныбекова жарым финалда күрөшөт

Олимпиада-2024: Айсулуу Тыныбекова жарым финалда күрөшөт

Сүрөт интернеттен алынды

  

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарында жарым финалга чыкты. Ал америкалык атаандашы Кайла Мираклды чейрек финалда жеңип алды. 

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта күч сынап жатат. Ал алгачкы беттешинде нигериялык Эстер Колаволени 5:1 эсебинде уткан. 

Жарым финалдык беттештер саат 22:15те башталат.

Айсулуу Тыныбекова Азиянын беш жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Токиодогу Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси.

Учурда Парижде Олимпиада оюндары өтүүдө. Ал 11-августта аяктайт. Мелдештерге Кыргызстандан 16 спортчу катышып жатат. Азыр өлкөнүн куржунунда төрт медаль бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазаровада күмүш байге, грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков коло медаль тагынды. 

9-августка караган түнү боксчу Мунарбек Сейитбек уулу финалга өткөн. 11-августта ал алтын медаль үчүн беттешке чыгат. Эркин күрөш боюнча Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн беттешкени турат.

  

Автор: Анарбаева Наргиза > 145 статей