БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Олимпиада-2024: Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн күрөшөт

Олимпиада-2024: Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн күрөшөт

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз балбаны Бекзат Алмазбек уулу жубатуучу беттеште кытайлык атаандашын утуп, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Ал Олимп оюндарында эркин күрөш боюнча 57 салмакта күч сынап жатат. 

Эми балбан өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен күрөшөт. Беттеш саат 23:35те башталат. 

Бекзат Алмазбек уулу чейрек финалда америкалык атаандашы Спенсер Ричард Лиденге 12:2 эсебинде жеңилип калган эле. Ага чейин казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде утуп алган.

Бекзат Алмаз уулу 24 жашта. Ал 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын алтын жана күмүш байгелеринин ээси, 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатында (U23) эки жолу коло байге уткан.

Балбан алгачкы ирет Олимпиадага катышып жатат.  

Учурда Парижде Олимпиада оюндары өтүүдө. Ал 11-августта жыйынтыкталат. Мелдештерге Кыргызстандан 16 спортчу катышып жатат. Азыр өлкөнүн куржунунда төрт медаль бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазаровада күмүш байге, грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков коло медаль тагынды. 

9-августка караган түнү боксчу Мунарбек Сейитбек уулу финалга өткөн. 11-августта ал алтын медаль үчүн беттешке чыгат. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 145 статей