БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Олимпиада-2024: Бүгүн Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазарев килемге чыгат

Олимпиада-2024: Бүгүн Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазарев килемге чыгат

коллаж

Бүгүн, 9-августта Париждеги Олимп оюндарында Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазарев биринчи беттештерин өткөрөт. Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта, Лазарев эркин күрөштө 125 кг салмакта күч сынайт. 

Айсулуу Тыныбекованын биринчи атаандашы нигериялык Эстер Колаволе болот. Ал эми, Айаал Лазарев ирандык Амир Хоссейн Заре менен күч сынашат.

Беттештер саат 15:00дө башталат.

Айсулуу Тыныбекова Азиянын беш жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Токиодогу Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси.

Лазарев эркин күрөш боюнча Азиянын чемпиону. Олимпиадага үчүнчү ирээт катышып жатат. 

Учурда Парижде Олимпиада оюндары өтүүдө. Ал 11-августта аяктайт. Мелдештерге Кыргызстандан 16 спортчу катышып жатат. Азыр өлкөнүн куржунунда төрт медаль бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазаровада күмүш байге, грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков коло медаль тагынды.

Автор: Анарбаева Наргиза > 145 статей