БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Олимпиада-2024: медалдардын саны боюнча Кыргызстан 58-орунда

Олимпиада-2024: медалдардын саны боюнча Кыргызстан 58-орунда

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстан Олимп оюндарында медалдардын саны боюнча 58 -орунда. Бул 8-августка карата көрсөткүч. 

Өлкөнүн куржунунда бир күмүш, үч коло байге бар. 

Бул тизмеде алдыңкы үчтүккө АКШ -94, Кытай-65 жана Австралия- 41 медаль менен чыкты. 

Ал эми коңшу Казакстан жети байге утуп 28-орунда, Өзбекстан үч медаль менен 43-орунга жайгашкан. Тажикстан 3 коло байге менен 67-орунда турат.

Париждеги Олимпиада 26-июлда башталган,11-августа жыйынтыкталат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу мелдешке чыгат. 

Кыргызстандан спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышууда. Учурда кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазаровада күмүш байге, грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков коло медаль тагынды. 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей