БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Олимпиада-2024: Жоламан Шаршенбеков коло байге үчүн күрөшөт

Олимпиада-2024: Жоламан Шаршенбеков коло байге үчүн күрөшөт

Сүрөт интернеттен алынды

Париждеги Олимпиаданын жарым финалында Жоламан Шаршенбеков жапониялык атаандашына 4:3 эсебинде жеңилип калды. 

Эми кыргыз балбаны коло медаль үчүн 6-августта беттешет. 

Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта күрөшүп жатат. Ал алгач казакстандык атаандашын 6:3 эсебинде андан кийин чейрек финалда румыниялык Разван Арнаутту 10:0 эсебинде уткан. 

Шаршенбеков 25 жашта. Ал грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. 2021-жылы Токиодо өткөн Олимп оюндарына катышып, 7-орунду ээлеген.

Олимп оюндары Парижде 26-июлда башталган. Ага Кыргызстандан 16 спортчу кеткен. Буга чейин кыргыз спортчусу Эрлан Шеров дзюдо боюнча беттешке чыккан. Ал алгачкы атаандашын жеңип, 1/8 финалда испаниялык спортчуга жеңилип калган. Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу да украиналык атаандашына жеңилип, беттештен четтеди. 

Олимпиадага кеткен суучулдар да оюндарын жыйынтыктаган. Денис Петрашов эркектер арасында 100 жана 200 метрге брасс стилинде сүзүүгө чыккан. Ал 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө жарым финалга чейин жетти. Дагы бир суучул Елизавета Печерских аялдар арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө 79 спортчудан 30-орунду ээлеп, жарым финалга өтө алган жок. 

Бокс боюнча беттешке чыккан Мунарбек Сейитбек уулу эки атаандашын жеңип, жарым финалга өткөн. Ал 9-августта мелдешке чыгып, Кыргызстанга бул спорттун түрүнөн Олимпиадада алгачкы медалды утканы турат. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 145 статей