БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Олимпиада-2024: Жуманазарова финалга чыкты

Олимпиада-2024: Жуманазарова финалга чыкты

Сүрөт интернеттен алынды

Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн Олимпиаданын жарым финалында нигериялык Блессинг Оборудуду 3:1 эсебинде жеңди. Эми балбан кыз финалда алтын медаль үчүн беттешет. 

Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмакта күрөшүп жатат. Ал алгачкы беттеште монголиялык балбан кызды, чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини 8:6 эсеби менен уткан. 

Бүгүн кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков жарым финалды жапониялык атаандашына 4:3 эсебинде жеңилип калды. Ал 6-августта коло медаль үчүн беттешет. 

Шаршенбеков 25 жашта. Ал грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. 2021-жылы Токиодо өткөн Олимп оюндарына катышып, 7-орунду ээлеген.

Олимп оюндары Парижде 26-июлда башталган. Ага Кыргызстандан 16 спортчу кеткен. Буга чейин кыргыз спортчусу Эрлан Шеров дзюдо боюнча беттешке чыккан. Ал алгачкы атаандашын жеңип, 1/8 финалда испаниялык спортчуга жеңилип калган. Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу да украиналык атаандашына жеңилип, беттештен четтеди. 

Олимпиадага кеткен суучулдар да оюндарын жыйынтыктаган. Денис Петрашов эркектер арасында 100 жана 200 метрге брасс стилинде сүзүүгө чыккан. Ал 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө жарым финалга чейин жетти. Дагы бир суучул Елизавета Печерских аялдар арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө 79 спортчудан 30-орунду ээлеп, жарым финалга өтө алган жок. 

Бокс боюнча беттешке чыккан Мунарбек Сейитбек уулу эки атаандашын жеңип, жарым финалга өткөн. Ал 9-августта мелдешке чыгып, Кыргызстанга бул спорттун түрүнөн Олимпиадада алгачкы медалды утканы турат. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала