БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Олимпиада-2024: Үзүр Жузупбеков коло медаль тагынды

Олимпиада-2024: Үзүр Жузупбеков коло медаль тагынды

Интернеттен алынды

Үзүр Жузупбеков Кыргызстандын капчыгына Олимп оюндарынын төртүнчү медалын салды. Ал коло үчүн күрөштө египеттик атаандашы Мохамед Габрды жеңди. 

Кыргыз балбаны 97 килограмм салмакта күрөшүп, биринчи атаандашы литвалык Миндаугас Венцкайтисти 5:1 эсебинде утуп, чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Саравиге 8:0 эсебинде жеңилип калган. Анын ирандык атаандашы финалга чыгып, көңүл жубатуучу таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Көңүл жубатуучу бөлүктө балбан Үзүр Жузупбеков АКШ балбаны Жосеф Патрик Рауну 9:4 эсеби менен жеңип, коло байге үчүн таймашка чыккан.

28 жаштагы Үзүр Жусупбеков Азия чемпиону, Азия чемпионатынын үч жолку коло байгесинин ээси, Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. Ал Токио Олимпиадасында 10-орунду ээлеген.

Муну менен Кыргызстандын куржунунда Олимп оюндарынын төрт медалы бар.  Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова күмүш, коло медалдарды Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, жана Үзүр Жузупбеков жеңди. 

Олимп оюндары Парижде 26-июлда башталган. Ага Кыргызстандан 16 спортчу кеткен. Буга чейин кыргыз спортчусу Эрлан Шеров дзюдо боюнча беттешке чыккан. Ал алгачкы атаандашын жеңип, 1/8 финалда испаниялык спортчуга жеңилип калган. Дзюдочу Кубаныбек Айбек уулу да украиналык атаандашына жеңилип, беттештен четтеди. 

Олимпиадага кеткен суучулдар да оюндарын жыйынтыктаган. Денис Петрашов эркектер арасында 100 жана 200 метрге брасс стилинде сүзүүгө чыккан. Ал 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө жарым финалга чейин жетти. Дагы бир суучул Елизавета Печерских аялдар арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө 79 спортчудан 30-орунду ээлеп, жарым финалга өтө алган жок. 

Бокс боюнча беттешке чыккан Мунарбек Сейитбек уулу эки атаандашын жеңип, жарым финалга өткөн. Ал 9-августта мелдешке чыгып, Кыргызстанга бул спорттун түрүнөн Олимпиадада алгачкы медалды утканы турат. 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей