БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ДСУ: Олимпиадада спортчулардан коронавирус аныкталды

ДСУ: Олимпиадада спортчулардан коронавирус аныкталды

Интернеттен алынды

Париждеги Олимпиадада кырктан ашык спортчудан коронавирус аныкталган. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюму Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна шилтеме берип жазды. 

ДСУ 6-августта COVID-19дун көбөйүшү дүйнө жүзүндө байкалып жаткандыгын белгилеген.  

“Акыркы айларда, мезгилге карабастан ар кайсы өлкөлөрдө, анын ичинде Олимпиада оюндарында да COVID-19 инфекциясынын өсүшү байкалды. Ал жерде 40тан ашык спортчунун анализдери оң чыкты” - деп айтылат маалыматта. 

Париждеги Олимп оюндары 26-июлда башталган 11-августта жыйынтыкталат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу мелдешке чыгат. 

Кыргызстандан спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышууда. 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей