БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Олимпиада-2024: Жоламан Шаршенбеков коло медаль утту

Олимпиада-2024: Жоламан Шаршенбеков коло медаль утту

Интернеттен алынды

Балбан Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын Олимп оюндарындагы биринчи медалын утту.

Ал коло үчүн күрөштө атаандашы Мехди Мохсен Нежадды 3:1 эсебинде жеңип алды. 

Кыргызстандык балбан 5-августта беттешке чыгып, алгач казакстандык атаандашын 6:3 эсебинде андан кийин чейрек финалда румыниялык Разван Арнаутту 10:0 эсебинде уткан.  Жарым финалда жапониялык атаандашына 4:3 эсебинде жеңилип калып, финалга чыкпай калган болчу.

Шаршенбеков 25 жашта. Ал грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. 2021-жылы Токиодо өткөн Олимп оюндарына катышып 7-орунду ээлеген.

6-августта грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков килемге чыгып, алгачкы атаандаштарын жеңип, бирок жарым финалга өтпөй калышкан. 

Эми балбандар коло үчүн күрөшөт. Учурда Париже Олимп оюндары өтүүдө. Ага Кыргызстандан 16 спортчу кеткен. Алардын ичинен төрт спортчунун мелдештери бүтүп, өлкөгө кайтып келген. 

6-августта грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков килемге чыгып, алгачкы атаандаштарын жеңип, бирок жарым финалга өтпөй калышкан. Эми эки балбан коло үчүн күрөшөт.

Учурда Париже Олимп оюндары өтүүдө. Ага Кыргызстандан 16 спортчу кеткен. Алардын ичинен төрт спортчунун мелдештери бүтүп, өлкөгө кайтып келген. 

 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей