БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Олимпиадага катышкан спортчулар кайтып келди. Фото

Олимпиадага катышкан спортчулар кайтып келди. Фото

Сүрөт: Министрлер кабинети

Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар бүгүн, 13-августта өлкөгө кайтып келишти. Аларды "Манас"эл аралык аэропортунан туугандары, күйөрмандары жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү тосуп  алышты. 

Спортчуларга арналган салтанаттуу азем Өкмөт үйүнүн алдында уланат. Ага президент Садыр Жапаров катышат.  

Бул Олимпиада Кыргызстандын эгемен тарыхында эң олжолуу болду. Спортчулар 2 күмүш, 4 коло медаль утуп, жалпы алты байге менен кайтышты. 

Жайкы Олимпиада оюндары Парижде 26-июлда башталып, 11-августта жыйынтыкталды. Анда 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу, жалпы 329 комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстандан спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышты. Олимпиадада кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова жана бокстан Мунарбек Сейитбек уулу күмүш байге, грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жузупбеков, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова коло утушту. Мунун менен медалдык эсепте Кыргызстан 68-орунду ээледи. Ал эми күрөш боюнча улуттук курама топ-5 өлкөнүн катарына кирди.

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей