БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Олимпиада-2024: спортчулардын ар бирине унаа тапшырылды

Олимпиада-2024: спортчулардын ар бирине унаа тапшырылды

Сүрөт: Дайыр Орунбеков

Бүгүн, 13-августта Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Париждеги Олимпиадага катышып келген спортчуларды сыйлоо аземи болду. Анда 16 спорчунун ар бирине акчалай сыйлык жана автоунаа тапшырылды.

Олимпиадада күмүш медаль жеңген Мээрим Жуманазарова жана Мунарбек Сейитбек уулуна 10 млн сом. Коло байгени уткан Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбековго жети млн сом ыйгарылды. 

Балбандар Айпери Медет кызы, Айаал Лазарев, Бекзат Алмазбек уулу, Амантур Исмаилов 1 млн сом акчалай сыйлык алды. 

Калган спортчулар Сардана Трофимова, Кубанычбек Айбек уулу, Эрлан Шеров, Денис Петрашов, Елизавета Печерских жана Эрназар Акматалиев 500 миң сом менен сыйланды. 

Ошондой эле, Олимпиадага коштоп барган медицина кызматкерлери, дарыгер, массажисттерге 1 млн 375 миң сом жана машыктыруучуларга акчалай сыйлыктар ыйгарылды. 

Дзюдо боюнча курма командага берилген сыйлыктар:

Кубанычбек Айбек уулу 500 миң сом жана автоунаа;

Биринчи машыктыруучу 50 миң сом.

Эрлан Шеров 500 миң сом жана автоунаа; 

Биринчи машыктыруучу 175 миң сом.

Курама команданын улук машыктыруучусу 250 миң сом;

Башкы машыктыруучусу 300 миң сом.

Сууда сүзүү:

Суучул Денис Петрашов 500 миң сом жана автоунаа;

Суучул Елизавета Печерских 500 миң сом жана автоунаа;

Биринчи жана жеке машыктыруучу 650 миң сом;

Жеке машыктыруучу 125 миң сом;

Башкы машыктыруучу 150 миң сом.

Жеңил атлетика:

Сардана Трофимова 500 миң сом жана автоунаа;

Жеке машыктыруучусу 125 миң сом. 

Эркин күрөш:

Эрназар Акматалиев 500 миң сом жана автоунаа;

Айаал Лазарев 1 млн сом жана автоунаа;

Бекзат Алмаз уулу 1 млн сом жана автоунаа;

Биринчи машыктыруучусу 100 миң сом;

Жеке машыктыруучусу 250 миң сом.

Курама команданын улук машыктыруучусу 875 миң сом;

Башкы машыктыруучусу 750 миң сом.

Грек-рим күрөшү:

Амантур Исмаилов 1 млн сом жана автоунаа;

Биринчи машыктыруучу 100 миң сом;

Жеке машыктыруучу 250 миң сом.

Үзүр Жузупбеков 7 млн сом жана автоунаа;

Биринчи машыктыруучу 700 миң сом;

Жеке машыктыруучу 1 млн 750 миң сом;

Жоламан Шаршенбеков 7 млн сом жана автоунаа;

Жеке машыктыруучу 2 млн 450 миң

Акжол Махмудов 7 млн сом жана автоунаа;

Жеке машыктыруучу 1 млн 750 миң.

Курама команданын улук машыктыруучусу 5 млн 500 миң сом;

Башкы машыктыруучусу 6 млн 600 миң сом;

Кыз-келиндер күрөшү:

Айсулуу Тыныбекова 7 млн сом жана автоунаа;

Биринчи машыктыруучу 700 миң сом;

Жеке машыктыруучу 1 млн 750 миң сом.

Мээрим Жуманазарова 10 млн сом жана автоунаа;

Айпери Медет кызы 1 млн сом жана автоунаа

Биринчи машыктыруучу 1 млн 400 миң сом;

Жеке машыктыруучу 2 млн 500 миң сом.

Курама команданын улук машыктыруучусу 4 млн 500 миң сом;

Башкы машыктыруучусу 5 млн 650 миң сом.

Бокс:

Мунарбек Сейитбек уулу 10 млн сом жана автоунаа;

Биринчи машыктыруучу 1 млн сом;

Жеке машыктыруучу 2 млн 500 миң сом.

Курмана команданын улук машыктыруучусу 2 млн 500 миң сом;

Башкы машыктыруучусу 3 млн сом.

Бул Олимпиада Кыргызстандын эгемен тарыхында эң олжолуу болду. Спортчулар 2 күмүш, 4 коло медаль утуп, жалпы алты байге менен кайтышты. 

Жайкы Олимпиада оюндары Парижде 26-июлда башталып, 11-августта жыйынтыкталды. Анда 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу, жалпы 329 комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстандан спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышты. Олимпиадада кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова жана бокстан Мунарбек Сейитбек уулу күмүш байге, грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жузупбеков, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова коло утушту. Мунун менен медалдык эсепте Кыргызстан 68-орунду ээледи. Ал эми күрөш боюнча улуттук курама топ-5 өлкөнүн катарына кирди.

 

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей