БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Олимпиада-2024: бүгүн Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков беттешке чыгат

Олимпиада-2024:  бүгүн Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков беттешке чыгат

"Т-Медианын коллажы

Бүгүн, 6-августта Париждеги Олимп оюндарында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык эки балбан Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков килемге чыгат. 

Махмудов 77 килограммга чейинки салмакта күч сынашат. Анын биринчи атаандашы АКШ балбаны Камал Амир Бей. Ал эми Жузупбеков 97 килограммга чейинки салмакта мелдешет. Ал беттешин литвалык балбан Миндаугас Венскайтис менен баштайт. 

Бишкек убактысы боюнча 15:30да 1/8 финалдык, саат 22:15те  жарым финалдык беттештер өтөт. 

Мындан сырткары бүгүн, Мээрим Жуманазарова алтын үчүн Жоломан Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөшөт. 

Олимп оюндары Парижде 26-июлда башталган. Ага Кыргызстандан 16 спортчу кеткен. Буга чейин кыргыз спортчусу Эрлан Шеров дзюдо боюнча беттешке чыккан. Ал алгачкы атаандашын жеңип, 1/8 финалда испаниялык спортчуга жеңилип калган. Дзюдочу Кубаныбек Айбек уулу да украиналык атаандашына жеңилип, беттештен четтеди. 

Олимпиадага кеткен суучулдар да оюндарын жыйынтыктаган. Денис Петрашов эркектер арасында 100 жана 200 метрге брасс стилинде сүзүүгө чыккан. Ал 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө жарым финалга чейин жетти. Дагы бир суучул Елизавета Печерских аялдар арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө 79 спортчудан 30-орунду ээлеп, жарым финалга өтө алган жок. 

Бокс боюнча беттешке чыккан Мунарбек Сейитбек уулу эки атаандашын жеңип, жарым финалга өткөн. Ал 9-августта мелдешке чыгып, Кыргызстанга бул спорттун түрүнөн Олимпиадада алгачкы медалды утканы турат. 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей