БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Олжобай Шакирдин соту 12-декабрга калтырылды

Олжобай Шакирдин соту 12-декабрга калтырылды

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

6-декабрда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин  соттук отуруму болуп өттү. Анын жүрүшүндө жазуучуга карата айыптоо актысы угузулду

Жактоочу Акмат Алагушев айыпталуучуга карата козголгон кылмыш ишине эксперттик чечим чыгарган эсперттерди сотко чакыртууну өтүндү. Сот аны канааттандырып, кийинки отурум 12-декабрга белгиленди.

УКМК Олжобай Шакирди 23-августта кармап кеткен. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен иш козголуп, атайын кызматтын тергөө абагына камалган. Мекеме Олжобай Шакир социалдык тармактарда чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана жапырт башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгенин, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканын билдирген.

Жазуучу өзүнө тагылган айыпты четке кагып келет.

Олжобай Шакир камалганга чейин Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилишин сындап, ага каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырган. 31-августта онлайн митинг өткөрүүнү демилгелеген. 

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 354 статей