БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Олжобай Шакирдин соту дагы жылдырылды

Олжобай Шакирдин соту дагы жылдырылды

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Максат Боромбаев

Жазуучу, пубицист Олжобай Шакир ушуну менен сотко төртүнчү жолу алынып келинбей, отурум 29-январга жылдырылды. Бул тууралуу жактоочу Акмат Алагушев билдирди. 

Анын айтымына караганда, соттук процесстин башка күнгө калтырылганынын себеби белгисиз. Буга чейин да үч жолу отурум жылдырылган. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Олжобай Шакирди былтыр  23-августта кармап кеткен. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен иш козголуп, атайын кызматтын тергөө абагына камалган. Мекеме Олжобай Шакир социалдык тармактарда чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана жапырт башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгенин, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканын билдирген.

Жазуучу өзүнө тагылган айыпты четке кагып келет.

Олжобай Шакир камалганга чейин Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилишин сындап, ага каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырган. 2023-жылы 31-августта онлайн митинг өткөрүүнү демилгелеген.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей