БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Онлайн акча которууларда комиссия алууга убактылуу тыюу салынды
2026-жылга чейин Кыргызстандын ичинде мобилдик тиркемелер жана интернет банкинг аркылуу акча которууларга комиссия алынбайт. Улуттук банк 23-октябрда жаңы токтом кабыл алды.
Ага ылайык, улуттук валютада (сом) онлайн акча которуулардан комиссия алууга 2025-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу тыюу салынган.
"Бул чара калктын бардык катмары үчүн банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана банк секторуна санариптик технологияларды киргизүүнү тездетүүгө өбөлгө түзөт",-деп жазылат маалыматта.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat