БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оорукана жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталды

Оорукана жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталды

Жасалма интеллект тарткан сүрөт

Кыргызстандагы мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоору сунушталып жатат. Аны депутаттар Айсулуу Мамашева, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы жана Бахридин Шабазов демилгелеген. 

Сунушталган өзгөртүүлөр боюнча чектөөнүн катардагы кызматкерлерге тиешеси жок болот. Мыйзам долбоор бүгүн, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралып, колдоо тапты. 

“Жетекчилерге өзүнүн жумушун аткарууга эч нерсе тоскоол болбошу керек да. Өзүнүн кызыкчылыктарын ойлогондуктан иштей албай жатат”- деди Асулуу Мамашева. 

Жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары оорукана жетекчилери орточо 20-25 миң сом маяна менен иштээрин билдирген. Мындан улам, эл өкүлү Эльдар Абакиров биринчи алардын эмгек акысын көбөйтүүгө көңүл буруу керектигин айтты. 

“Ооруканалардын жетекчилери 20-25 миң сом маяна алат экен. Бул чоң көйгөй да. Ал акчага нормалдуу адис иштебейт. Бул мыйзамды кабыл алсак, жетекчилердин эмгек акысын жакшыраак көтөрүшүбүз керек. Болбосо же коррупция болуп кетет же тажрыйбалуу адистер кетип калат” - дейт Абакиров. 

Ошентсе да депутаттар бул мыйзам, кызыкчылыктар кагылышын болтурбоо үчүн керектигин белгилешти. 

“Аймактардан бейтап келсе, дарыгерлерди таба албайсың. Издетсең жеке клиникасында болот. Үч жылдан бери айтсак да “чара көрөм” деген жетекчилер бүгүнкү күнгөн чейин маселени чече элек. Жеке клиникасынан түшкөн (акча) менен ооздорун жаап жатат да” - дейт Айбек Мамкеримов. 

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 193 мамлекеттик оорукана бар. 

 

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей