БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Опера жана балет театрынын директору 4-январга чейин камакта калтырылды

Опера жана балет театрынын директору 4-январга чейин камакта калтырылды

УКМК тараткан сүрөт

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев 2024-жылдын 4-январына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-декабрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.


1-декабрда УКМК Алмазбек Истамбаев Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен шек саналып кармалганын кабарлаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, опера жана балет театрында мекеменин карамагындагы мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

Алмазбек Истамбаевдин жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Ал Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору болуп 2022-жылы февралда дайындалган. 2000-жылдан 2019-жылга чейин опера жана балет театрынын алдыңкы опера солисти болуп иштеген.

Автор: Т-Медиа > 353 статей