БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Орхан Инанды аны Кыргызстандан кантип уурдап кеткени боюнча үн катты

Орхан Инанды аны Кыргызстандан кантип уурдап кеткени боюнча үн катты

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда дайынсыз жоголуп, кийин Түркияда табылып соттолгон "Сапат" мектебинин мурдагы директору Орхан Инандынын кантип өлкөдөн чыгарылып кеткени, кандай кыйноолорго кабылганы туурасында Анкаранын адвокаттар ассоциациясы даярдаган баяндама жарыяланды.

2-майда Австриялык "Kronos" деп аталган басылма жарыялаган маалыматта Инанды Кыргызстандан алгач автоунаа, кийин учак менен Түркияга жеткирилгенин айтып берген. 

"2021-жылы 30-майда кечки саат 23:00 чамасында Бишкекте өз машинеме отурайын деп баратканда кыргыз жигит кармап, "Cедан" үлгүсүндөгү автоунаага мажбурлап отургузду. Машинеде үч киши бар экен, экөө кыргыз болчу. Алар мени Бишкектен Кара-Балтаны көздөй алып кетип, ортодон башка машинеге отургузушту".

Ал ошондой эле катуу сабалып, колу үч жеринен сынганы жана ага уйку дары менен укол сайылганын айтып берген.

"Ага чейин мага укол сайышты да, көзүмдү таңып коюшту. Машинеге салып жатканда колум сынып кетти. Бизди Өзбекстандын чек арасы жакка алып жөнөштү окшойт. Эсимде, жолдо узун туннелден өттүк. Суу сурасам, уйку дары кошулган ширин суу берип жатышты. Калганын эстей албайм, жолдун көбүндө уктап кеттим. Өзбекстандын же Тажикстандын чек арасы тарапка жетип, чек ара тилкесинен токтоосуз түрдө өтүп кеттик. Андан соң учактын добушун уктум. Менимче, аэропортко жеттик окшойт. Машинеден түшкөн соң көзүмдү ачышты, унаа "Мерседес" үлгүсүндө экен. Ал жерде жеке учак туруптур. Ага киргизип баратышканда мага "Түркияга кош келиңиз" дешти. Отурганда катуу сабашты. Учакта эки түрк жана учкучтар бар экен. Мени коштоп келген кыргыз балдар, арасында Азиз деген бала да бар болчу", – деген анда Орхан Инанды.

Инанды Анкарага жеткенге чейин жерде бүк түшүп жатканын, жеткенге чейин кез-кези менен сабалганын кеп кылган. Алгач Түркиянын кайсы бир аба майданына конуп, кийин Анкарага автоунаа менен жеткирилгенин айтып берген. Ал жакта кармаган кызматкерлер аны башына кап кийгизип сабашканын, электрошокер менен буттарына урганын да белгилеген.

Инандынын иши

2021-жылдын 1-июнда "Сапат" мектебинин мурдагы директору Орхан Инандынын дайынсыз жоголгону маалым болгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызмат аны Анкарага алып барганын айткан. 

2023-жылы 16-июнда Түркиянын Жогорку соту Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 21 жылга эркинен ажыраткан. Инанды көп жылдардан бери Бишкекте жашап, кыргыз жарандыгын алган.

Президент Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. Кийин Жапаров Инанды кабылган окуяда Кыргызстандын да кемчилиги бар экенин айткан. Ал эми атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Инанды кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук тартибин коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген.

Ал эми милиция Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон. 2024-жылы 1-апрелде бул боюнча кылмыш иши токтотулганы маалым болгон.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей