БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Орозайым Нарматова “Супер ТВ” боюнча комментарий берди

Орозайым Нарматова  “Супер ТВ” боюнча комментарий берди

Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова “Супер ТВ” редакциясына ээлик кылганы боюнча комментарий берди. Ал бул тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты. 

Анда экс-депутат аталган басылма менен 2020-жылдан бери кызматташып келгенин, күзгө жакын Москвадагы батирин сатып, “Сереп Медиа”холдингдин жарым пайызына ээлик кылганын айткан. 

Ошондой эле Бактыгүл Сокушова аттуу жаран менен “Сереп Медианын” тең укуктуу негиздөөчүлөрүнөн экендигин кошумчалаган. 

ТВнын маалымат саясатына жана анда иштеп жаткан журналисттерге менин саясий жолум, пикирим таңууланбайт. Медианы толугу менен Бактыгүл Сокушева жетектейт. Буга чейин Мадумаровду колдоп жүргөндө деле “Москвада Орозайымга батирди Мадумаров алып бердиби, бул жаш кызда мынча акча кайдан”-деп суроо узаткандарга мен миграция азабын жон терим менен тартып, чекемдин териси менен ак нан таап жеп, чакан бизнес менен алектенип, өзүм бутка турган кызмын. Болот Темиров агама биздин Сереп Медианы ушунча пиар кылып бергенине ыраазычылык билдирем! Бирок бийлик белек кылыптыр деген күмөнүңөр туура эмес болуп калды. Азыр жеке офисибиз жок, бир аз кыйналып жүрөбүз, “жардам берем”-дегендерге баш тартпайбыз”-деген ал. 

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, аталган басылма 16-сентябрдан катоодон өткөн.  Анда жетекчиси катары Бактыгүл Сокушева көрсөтүлүп, жалгыз негиздөөчүсү Орозайым Нарматова болгон.

Айрым жергиликтүү редакциялар буга чейин  бул холдинг Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султановго таандык болгонун жазышууда. Ал убагында "Супер-Инфо" басылмасын жана башка бир катар кыргыз тилдүү медианы негиздеген. 

Орозайым Нарматова 2021-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоого катышып, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон. 2022-жылдын 14-январында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аны суракка чакырган. Атайын кызмат ага Жалал-Абад мамлекеттик университетине "мыйзамсыз кабыл алынганы фактысы" боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январда Нарматованын талапкер катары каттоосун жана мандатын жокко чыгарган.

Ошол учурда Орозайым Нарматова мандатынын жокко чыгарылышын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырган. Ал сот адилеттигине ишенбей турганын жана "БШКнын чечимин сотко бербесин" билдирген.

Автор: Осмонова Айдана > 797 макала