БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Орозо айт намазы мечиттерде окулду

Орозо айт намазы мечиттерде окулду

Сүрөт интернеттен алынды

Быйыл Орозо айт намазы өлкөнүн облус, шаарлардагы аянттарда эмес мечиттерде гана окулду. Муфтият билдиргендей, мындай чаралар акыркы мезгилде дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу элдин коопсуздугунан улам кабыл алынды.

Айт намазын окуу үчүн эл мечиттерге саат 6:15те чогулуп баяндар айтылып, намаз саат 7:30да окулду.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо Айт майрамы менен куттуктап кыргыз эли Исламдын баалуу көрөңгөлөрүн өзүнүн түптүү каада-салттары менен айкалыштырып жашап келгенин билдирди. Мамлекет башчы Орозо айт намазын Бишкектеги Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте окуду.

Бир канча жылдан бери Айт намаз Бишкектин эски аянтында, облус борборлорундагы аянттарда окулуп, ага он миңдеген кишилер катышат. Быйыл мусулмандардын ыйык Орозо айынын соңундагы Айт майрамы 10-апрелге туш келди. Кыргызстанда бул күн дем алыш деп жарыяланган.

Быйыл коопсуздуктан улам Орозо айт намазы өлкөдөгү жума намаз окула турган мечиттерде окулду. Башында аянтта окуулары айтылып, жарыяланып кеткен болчу. Көп өтпөй чечим өзгөртүлдү. Коопсуздук чаралары күчөтүлүп миңдеген күч органдарынын кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөп турушту. 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей