БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Орозодо кандай тамактануу керек? Врач-диетологдон кеңеш

Орозодо кандай тамактануу керек? Врач-диетологдон кеңеш

Сүрөт интернеттен алынды

Быйыл Орозо айы 11-мартта башталды. Күн барган сайын ысып бара жаткан учур. Мындан улам ооз жабууда суусабай , ток жүрүү  же организмге оорчулук келтирбөө үчүн кандай азыктануу керек, кандай тамактар менен оозду ачууга болот деген суроолор жаралышы мүңкүн.

Мындан улам "Т-Медиа" орозодогу тамактануу боюнча Саламаттыкты сактоо министирлигинин ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун адиси врач-диетолог Марина Дүйшөнкулова менен маектешти.

Ооз ачарга эмне жесе болот?

-Орозо кармаган учурда оозду курма же жылуу суу менен ачуу керек. Курма күнү боюу энергия менен камсыз кылуучу азыктардын бири болуп эсептелинет. Мындан сырткары ал тамак сиңирүүнүн иштешин да жөнгө салат. Ал эми сууну болсо муздак эмес, бөлмө температурасындагы жылуулукта ичүү дурус. 

Бир нече убакыт өткөндөн кийин негизги тамактанууга киришсеңиз болот. Анда шорпо жана жашылчалардан жасалган витаминдүү салат болушу мүмкүн. Мындан сырткары малдын же канатуулардын эти, жумуртка, же балык жана жер жемиштерди кошсоңуз болот. 

Кандай тамак менен оозду жабуу керек?

-Оозду жапканда күн чыккандан батканга чейин суусабай өзүн жакшы сезип жүрүүсү үчүн туздуу, консерваланган, майлуу жана куурулган тамактардан баш туруу керек.

Ошондой эле торт, газдалган суусундуктар жана тез даярдалуучу азыктарды да чектегениңиз жакшы болот. Буларды сиз ден соолукка пайдалуу делген буурчак, гречка сыяктуу дан азыктарына алмаштырып, таттуулардын ордуна курма, алма же болбосо кургатылган жер жемиштерди жесеңиз болот.

Тоюп тамактануу туурабы?

-Тоюп тамактануу организмди стресске алып келет. Ошондой эле ашказан ооруларын да пайда кылат. Мындан алам ченемдүү жана пайдалуу тамактануу керек. Орозо айында мурда жеген азыктарыңызды азайтып койсоңуз да болот. Мисалы кофе.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей