БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Орунбеков аянтка эмнеге ЖК кабыл алган туу илинбегени боюнча комментарий берди

Орунбеков аянтка эмнеге ЖК кабыл алган туу илинбегени боюнча комментарий берди

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына илинген желек

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Жогорку Кеңеш кабыл алган мамлекеттик туу кийин эмнеге өзгөртүлгөнүнө комментарий берди.

Анын сөзүнө караганда, желектин жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, акыркы вариантын токтом менен бекиткен. Бул тууралуу Орунбеков 3-январда "Фейсбуктагы" расмий баракчасынын алдында Интернет колдонуучулардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

Жогорку Кеңеш кабыл алган тууда күндүн кырк нуру түндүктөн өзүнчө болуп, түндүктөгү чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн. Жаңы туунун авторлорунун бири, депутат Улан Примов парламенттин комитетинде жана жалпы жыйында да дал ушул желекти көрсөтүп, туу ушундай өзгөртүлөрүн айткан.

Үстүбүздөгү жылдын 1-январында Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына жаңы кабыл алынган туу илинген. Андан соң анда жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына илинген желекте күндүн кырк нуру түндүккө бириктирилип турганы боюнча соцтармактарда сүрөттөр тарап, кызуу талкууланган.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун 20-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алган.  Ал эми 22-декабрда аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты "өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу" экени белгиленген. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей