БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Орунтаев: курулушка лицензия берүү тартиби өзгөрөт

Орунтаев: курулушка лицензия берүү тартиби өзгөрөт

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Курулушка лицензия алуу Кыргызстанда мындан ары катаалдаштырылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев 18-декабрда журналисттер менен болгон маалымат жыйында билдирди. 

Маалыматка караганда, Кыргызстанда 2009-жылдан бери курулуш жүргүзүү үчүн 6000ден ашуун лицензия берилген. Бирок учурда алардын 300гө жакыны гана иш алып барат. Орунтаев ошондой эле учурда курулушка лицензия берүү дээрлик токтотулгандыгын да кошумчалады.

"1000 сом мамлекеттик төлөм төлөнүп алынган лицензияларды бүгүнкү күндө 350 миң сомго сатып жатышат. Эгер бул лицензиялар иштебесе, салыктык каражаттар түшпөсө, буларды жокко чыгарабыз. 2009-жылдан бери Кыргызстанда курулуш жүргүзүү үчүн 6 миңге жакын лицензия берилген. Учурда алардын 300гө жакыны гана иштейт. Калганы тартмаларда жатат же колдон колго өтүп, "Лалафодо" сатылып жүрөт. Мындан ары акчасы бар, техникасы бар, чыныгы курулуш компаниялары гана келип лицензия ала турган тартип киргизилет. Бул боюнча жумуштарды биз аябай катаалдатабыз",-деди Нурдан Орунтаев.

Мындан сырткары учурда курулуш компанияларынын кара тизмеси да түзүлүп жаткандыгы маалымдалды. Тизмеге курулушту токтоткон, туура эмес салынган, иштебей жаткан курулуш компаниялары кирет жана алардын лицензиялары токтотулат. Ошондой эле өз ишин так аткарган курулуш компанияларынын "жашыл тизмеси" да түзүлүп, жаңы жылдан кийин жарыяланары айтылды. 

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги өткө аптада  башкармалык сот органдарына өткөрүп берген курулуш компаниялардын жана уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялаган. Анда Бишкек жана Ош шаарларында салынып бүткөн, курулуп жаткан же пайдубалы казылган бойдон турган 55 турак-жай жана аларга ээлик кылган компаниялардын аталыштары ачыкталган.  

Автор: Максат Боромбаев

 

Автор: Т-Медиа > 355 статей