БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Орусия: жарандык алган чет өлкөлүктөр үчүн армияда кызмат өтөө мөөнөтү көбөйтүлүшү мүмкүн

Орусия: жарандык алган чет өлкөлүктөр үчүн армияда кызмат өтөө мөөнөтү көбөйтүлүшү мүмкүн

Сүрөт: TASS

Орусиянын Мамлекеттик Думасы орус жарандыгын алган чет өлкөлүктөр үчүн армияда кызмат өтөө мөөнөтүн эки жылга чейин көбөйтүүнү жана алардын аскерге чакыруу курагын жогорулатууну пландап жатат. Бул тууралуу Орусия парламентинин төмөнкү палатасынын телеграм-каналы кабарлады.

Мамдума тиешелүү өзгөртүүлөрдү 5-августка чейин карайт деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин бир катар комитеттердин башчыларына мигранттарды аскердик каттоого алууга байланышкан жаңы долбоорду даярдоону тапшырганы кабарланды. Ага ылайык, орус жарандыгын алуудагы негизги шарттардын тизмесине аскердик каттоого туруу талабы киргизилет. Мигранттарга Орусиянын паспорту берилип жатканда дароо аскердик каттоого алынышы керек болот.

Автор: Т-Медиа > 354 статей