БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Орусияда мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда орус тилинен сынак тапшыртуу сунушталууда

Орусияда мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда орус тилинен сынак тапшыртуу сунушталууда

Сүрөт: sputniknews.ru

Орусияда мектепке кабыл алууда эмгек мигранттарынын балдарын орус тилинен милдеттүү сынак тапшыртуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага киргизилип, аны Рособрнадзор мекемеси колдоду.

Бийлик сынак киргизүү зарылчылыгын өлкөдөгү мугалимдер кабылып жаткан көйгөйлөр менен түшүндүрүүдө. Орусия президентинин алдындагы Колдонмо экономикалык изилдөөлөр институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, Орусиядагы мугалимдердин 53% мигранттардын балдарында орус тилин жана жалпы билим берүү предметтерин өздөштүрүүдө көйгөйлөр бар экенин белгилешкен.

Рособрнадзор мекемесинин башчысы Анзор Музаев мигранттардын балдары орус тилинен сынак тапшырышы керек экенин быйыл июль айында эле айткан. Бир нече жумадан кийин тиешелүү мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага сунушталган.

Укук коргоочулар Мамдума бул мыйзам долбоорун четке кагат деп үмүттөнүп жатышат. Эгер мыйзам кабыл алынса, орус тили боюнча сынактар кийинки окуу жылынан тарта киргизилет.

Автор: Т-Медиа > 354 статей